Баткенде бүгүн таңда жер титирөө болду

0
442

Баткен районунда саат 4:39да күчү 3,5 балга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь