Баткенде  аткезчилик фактысы катталды

0
289

Раззаков-Баткен-Ош авто жолдун 225- чакырымында  Ош облусунун 64 жаштагы тургунунун башкаруусундагы жүк ташуучу унаадан бажылык коштомо казагы жок жашылча жемиштердин уруктары табылды. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жалпы 18 каробка каробканын  ар биринин ичинде 40 даана таңгакталган редисканын уругу табылган. Товардын баасы болжол менен 1,5 млн сомду түзөт.

Кармалган жүккө карата тиешелүү иш кагаздар толтурулуп, Баткен Бажысынын  Баткен шаарындагы Терминалга токтотулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь