Баткенде асфальт завод ишке берилет 

0
444

Баткенде кубаттуулугу күнүнө 1000 тонна болгон асфальт завод ишке берилет. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2024-жылы Баткен облусунда 40 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Аталган ишкана ишке берилсе, аймактагы жолдорду асфальт менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле быйылкы жылы Япон грантынын эсебинен Баткен облусуна 43 жол техниканын берилүүсү да күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь