Аялдардын спорт менен машыгууларына шарт түзүү, аларды физикалык жана психологиялык жактан калыбына келтирүү максатында Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылында аялдар үчүн заманбап спорттук кана пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул спорттук кана “Аялдар тынчтык долбоору” жана жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 1 млн 139 миң 876 сомго бардык шарттары, жабдуулары менен бүткөрүлүп, бүгүн элге пайдаланууга берилди.