Бул тууралуу Экология министрлигинен билдиришти.
8-10-январь күндөрү министрлик жүргүзгөн текшерүү учурунда ишкананын аба булгоочу заттарды чыгарууга уруксаты жок экени жана чаңдын деңгээли нормадан ашып, тургундардын ден соолугуна коркунуч жараткандыгы аныкталган.
Ишканага 28 миң сом айып салынып, экологияга келтирилген зыян үчүн 84 миң сомдон ашык доо коюлду. Мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарылды.
Министрлик экологиялык стандарттарды сактоонун зарылдыгын эскертип, ишти көзөмөлдөөнү улантууда.