Баткенде 5 айда тамакка уулануу боюнча 5 учур катталды

0
942

Баткен облусунда ушул жылдын беш ай аралыгында тамак аштан ууланган 5 адам катталды. Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыканали Жунусалиев маалымдады.

Маалыматка таянсак, уулангандардын үчөө  Баткен районунун Самаркандек айылында катталган. Ал эми эки учур Кадамжай районунда болгон.

Адистердин айтымында алар базардан тамак аш жеп ууланышкан.

Тамактан улануулардын алдын алуу максатында  155 пландуу текшерүүлөр  тез татым, ашкана жана соода-сатык түйүндөрүнө жүргүзүлгөн. Анын ичинен 45 жаранга 112 000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь