Кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы куралдуу жаңжалдан улам, 450 жарандын жоголгон же жабыркаган документтери, акысыз калыбына келтирилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Адистер документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча жарандарга кеңеш берип, жабыркаган жашоочулар расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин, документтери калыбына келтирилген.






