Баткенде 4 миңдей адам дале үйлөрүнө кайта элек

0
2516

Учурда Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек, тактап айтканда: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында айтты. Төрага бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керектигин, азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керектигин да белгиледи.

Жыйында азыр Баткен облусунда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатканы, анын 273үндө дубал тургузуу, 95инде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, дагы 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.

Өткөн сентябрь айында Баткен облусуна кошуна тажик тараптын куралдуу кол салууснун кесепетинен 140 миңге жакын жаран чек арага жакын конуштардан эвакуацияланган. Мындан сырткары облус аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь