Баткенде 31 жаштагы келин өзүнө кол салды

0
14

Узаган жылдын 31-декабрына караган түнү саат 00:46 чамасында 31 жаштагы келин денесинен жараат алып,  Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. 

Малыматка ылайык, келиндин күйөөсү 32 жаштагы М.Б. өз сурагында, 2024-жылдын 30-декабрында аялы менен пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, жыйынтыгында уруша кеткендигин билдирген.

Аялдын абалы азыркы учурда туруктуу орто. Ал өз көрсөтмөсүндө өзүнө өзү кол салганын, эч кандай арыз-доосу жок экенин айтып берген. Учурда окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда.