ӨКМден билдиргенге караганда, кечээ 18-январда саат 05:58де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматында жердин силкинүүсү Кадамжай районунун Тамаша айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.