Баткен облусунда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду беш ири долбоорду ишке ашырууда.
Бул тууралуу «Баткен облусу – инклюзивдик өнүгүү аймагы» деген ураан астында, Кызыл-Кыя шаарында өткөн орус-кыргыз инвестициялык форумунда маалым болду.
“Буга чейин Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 5,5 миллион долларга Баткендеги ар кандай долбоорлорду каржылаган. Ал эми акыркы жылы эле 20 миллион долларга жакын беш ири долбоорду ишке ашыруу башталды”,- деп билдирди, аталган фонддун төрагасы Артем Новиков.