Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Ош-Баткен-Раззаков жолунда, өзбек жаранынын башкаруусундагы «Damas» үлгүсүндөгү автоунаа текшерилген. Унааны кароо учурунда жалпы салмагы 220 кг жүзүм товары табылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө товар коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, транспорттук каражат Кыргызстандын аймагына товарларды ташып келүү жагдайларын тактоо максатында «Кайырма+Дума» ЖЧКсынын убактылуу сактоо кампасынын аймагына жеткирилген.