Баткенде 11 үй тибиндеги бала бакча ачылды

0
387

Баткен облусу боюнча жыл башынан бери  11 үй тибиндеги балдар бакчасы ачылып, 15 тайпада 397 бала тарбияланууда. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө мектепке чейинки балдардын 75% дан ашыгы бала бакчага барбайт. Ал эми Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 26,6% гана мамлекеттик бала бакчаларга тартылган. 

Ошондой эле, алдыда дагы 11 үй тибиндеги бала бакчанын ачылуусу күтүлүүдө.

Мындан улам өлкөдөгү бала бакчалардын жетишсиздиги жана бала бакчадагы билим бала үчүн маанилүү болгондуктан “Өкмөттүн акселераторлору” долбоору старт алган.

Долбоордун максаты — кызыктар тараптарга өз үйүндө үй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берип, балдарды бакчага тартуу болуп саналат. Бала бакча ээлери салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулуп, балдардын саламаттыгына байланыштуу коопсуздук жана санитардык эрежелерин сактоосу гана жетиштүү болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь