Баткенде 10 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди

0
1501

Бүгүн 1-апрелде №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктарды талкуулаган  жыйын өттү.

Жыйынга Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, БШКнын төрайымы Нуржан  Шайылдабекова жана жалпы облус активи катышты.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча жалпы 81 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны  6-мартка карата 112 миң 432 түздү.

Учурда  шайлоо участкаларынын ар бирине шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинип,  тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө.

Учурда аймактан 10 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген. Төртөө талапкер катары катталган, алтоосунун документтери кароодо. 8-апрелден тартып аймакта үгүт иштери башталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь