Райондук бийликтин маалыматына ылайык, бүгүн 17-апрелде Баткен районунун Орто-Боз айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.
Кичи футбол аянтчасы Швейцария өкмөтүнүн Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу долбоорунун жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн көмөгү менен жалпы суммасы 1 млн 775 миң сомго курулду.
Ошондой эле, Швейцария өкмөтүнүн аталган долбоорунун алкагында Самаркандек айылында да аялдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук каана пайдаланууга берилди.
Андан тышкары, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында балдар аянтчасы курулуп, айыл элине пайдаланууга берилди — деп айтылат маалыматта.