Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолугушту

0
384

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган бир катар жетекчилер   Суу Башы айыл өкмөтүнүн  чек аралаш аймагында  Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаев  жетектеген делегациясы  менен  жолугушту.

Жолугушууда чек аралаш аймактарда тынчтыкты, достукту чыңдоо, туруктуулукту эки тараптуу камсыз кылуу, чарбалык маселелер жана достукту мындан ары да бекемдөө жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой элежакынкы күндөрү эки тараптуу соода жарманкесин өткөрүү жагы да макулдашылды.

Эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү духта бири бирин түшүнүү менен жыйынтыкталды, –деп жазылат маалыматта. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь