Баткен жана Согди облус башчылары Баткенде жолукту

0
1187

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода  жолукту. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушуу Баткен шаарында өтүп, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы ар дайым тынчтыктын, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын чек арасы болушуна тилектештигин билдиришти. 

Ошондой эле эки облустун  аймактарында тынчтыкты камсыз кылуу багытындагы биргелешкен иш аракеттерди талкуулашты. Облус башчылары  коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо жаатында  кызматташууну бекемдөө боюнча, облустун күч түзүмдөрүнө тапшырмаларды берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь