Эртең 2-августта Баткен жана Лейлек райондорунда электр жарыгы “Айгүл-Таш” көмөк чордонундагы кезектеги оңдоп-түзөөгө байланыштуу убактылуу өчөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, электр жарыгы эрте мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин өчүрүлөт. Электр энергиясы Лейлек районун бардык айыл, шаарларында, Сүлүктү шаарынын бардык кварталдарында, Баткен районунун Дара, Кыштут, Кара-Булак, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Аксай, Төрт-күл жана Суу-Башы айыл аймактарында өчөт.
Ошондой эле жарык, Баткен шаарынын Кызыл-Дөң, Чет-Булак, Базар-Башы, Булак-Башы, Тамаша-Жай, Келечек, МСО, Аэропорт жана СМУ кварталдарында да өчөт-деп белгиленет маалыматта.