Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаардагы С.Айтматов орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Шаардык бийликтен билдиришкендей, мэр курулуш иштеринин абалы менен таанышып, жооптуу кызматкерлерге ишти мындан ары тездетүүнү жана сапатка өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.