Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын Бакай -Ата участкасындагы сел арага 15 метр аралыктагы көпүрөнүн курулушу башталды. Курулуш иштеринин долбоорунун жалпы сметалык баасы 10 млн. сомду түзөт.
Бакай-Ата участкасында 300 кожолук эл жашайт.
Белгилей кетсек жыл сайын жаз айларында катуу жаандан кийин келген селден улам, сайга жакын жайгашкан турак үйлөргө кооптуу абал жаралган. Сай жээгин бекемдеген габион торчолорун агызып кетүү кооптуулугу пайда болгон.Ошондой эле сел келген учурда аталган участка менен шаардын ортосундагы каттам үзгүлтүккө учураган. Бул боюнча тургундардын кайрылуусу менен, Салам Медианын журналисттери көйгөйдү чагылдырган.