Баткен шаарында спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

0
338

Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган спорттук мелдеш жыйынтыкталды.
Спорттук мелдешке мекеме-ишканалардан 15 команда катышып, кичи-футбол, волейбол жана шахмат оюндарынан күч сынашты.
Калыстардын жыйынтыгынын негизинде эркектер арасында кичи-футбол боюнча:
1-орун Баткен райондук соту,
2-орун Баткен шаардык милициясы,
3-орунга Баткен аймактык колледжи ээ болду.
Ал эми кыз-келиндер арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште,
1-орун С.Айтматов атындагы орто мектеби
2-орун Баткен шаардык балдар бакчалыры курама командасы
3-орунга Ленин атындагы орто мектебинин мугалимдери татыктуу болду
Ошондой эле Шахмат боюнча: (Эркектер арасында)
1-орун Манас Момунов
(Аялдар арасында)
1-орунду Кишимжан Калматова камсыз кылышты.
Женүүчүлөр Бааткен шаарынын мэриясы жана Баткен шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь