Баткен шаарында акылдуу эсептегичтер орнотулууда

0
729

Баткен шаарында электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн абоненттерге жалпы 7500 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулууда. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акылдуу эсептегичтерди жалпы облус аймагында абоненттерге орнотуу пландалууда.  Бул эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт, дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат жана эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.

Эске салсак, облус аймагына акылдуу эсептегич орнотуу жумушу ушул жылдын январь айында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынан башталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь