Баткен шаарында 10мин жаран мыйзамсыз жер алган

0
2597

Баткен шаардык мэриясынын жер мунапысы боюнча комиссиясы 22-декабрда Чет-Булак кварталынын Аэропорт участкасы боюнча 26 арызды карады. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Комиссия, Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде иш алып барууда.

Мэрия тараткан маалыматка караганда, шаар бийлиги жерди мыйзамсыз ээлеген тургундардын арызын күн сайын 9:00дөн 18:00гө чейин шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде кабыл алат.
Арыздар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиясынын кароосуна сунушталат. Чечим кабыл алынгандан кийин Баткен шаарынын мэриясынын токтомдору даярдалат.

Баткен шаарында 10 миңден ашуун жаран жерди мыйзамсыз ээлеген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь