Баткен шаардык мэриясы 3 миллион сомдук даараткана боюнча түшүндүрмө берди

0
918

Буга чейин социалдык тармактарда Баткен шаарындагы «Жаштык» эс алуу багында 3 миллион сомго даараткана курулуп жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Баткен шаардык мэриясы бул тууралуу түшүндүрмө берди.

Мэрия, аталган эс алуу бакта эки кабаттуу санитардык тейлөө комплекси жеке ишкер Калматов Максатбек тарабынан курулуп жатат, деп билдирди.

«Тейлөө комплексинде чач тарач, кир жуучу жай, химиялык тазалоочу жана жуунуучу жайлар болот. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да атайын жай каралган. Имараттын 1-кабаты даараткана болот. Долбоордун жалпы суммасы 3 миллион сомду түзөт», — деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь