Баткен районунун Кара-Булак айылынын айыл башчысы Тилек Эркиновдун айтымында, Баткен районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен айылдын 4 чакырым жолу жарыктандырылды. Жалпысынан 139 чырак орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Буга чейин айылда жарыктандыруу иштери болгон эмес.
Кара-Булак айыл өкмөтү Баткен шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашып, айылда 875 кожолук бар.