Баткен облусунда билим күнү 5 мектеп 3 бала бакча пайдаланууга берилди

0
827

1-сентябрь билим күнү Баткен облусунда 13325 окуучу 1-класска барды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.Бул күнү облуста 5 мектеп, 3 бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Алар,

Баткен районунун Үч-Дөбө айылында 225 орундуу Үч-Дөбө башталгыч, жаңы типтүү мектеби,
Баткен районунун Кара-Токой айылындагы Б.Мергенов атындагы 150 орундуу орто мектеп,
Баткен районунун Сай айылындагы Д.Акматов атындагы 225 орундуу мектеп,
Кадамжай районунун Ноогардан айылындагы №32 Ноогардан орто мектебинин 275 орундуу жаңы имараты,
Баткен районунун Самаркандек айылындагы Сагын Кожобаева атындагы орто мектеп.
Ал эми бала бакчалар,
Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 34 орундуу «Гүлсүнай» балдар бакчасы,
Лейлек районунун Максат айылындагы 100 орундуу “Сейтек-Максат” балдар бакчасы,
Лейлек районунун Интернационал айылындагы 100 балага ылайыкташкан “Үмүт” балдар бакчасы.

Билим күнү облустун аймагындагы бардык мектептерде белгиленүүдө. Жер жерлерде өткөн салтанаттарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, мектеп окуучуларын жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь