Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери облус аймагында “Бахус” аталышындагы рейд өткөрүүдө. Рейд 16-ноябрда башталганын аталган бөлүмдүн малымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөйт. Рейддин жүрүшүндө ылдамдыкты ашырган жана унааны мас абалында башкарган айдоочуларга тийиштүү чаралар көрүлөт.
Баткен облусу боюнча 2021-жылы 311 авто кырсык катталса, акыркы 11 ай ичинде 277 жол кырсыгы катталган. Акыркы үч күндө эле облус аймагындагы жол кырсыктарынан 10 адамдын өмүрү кыйылды.