Чек арада орун алган куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 16-сентябрдан тарта, 1500 тонна гумжардам жеткирилди.
Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти
1500 тонна гумжардамдын 264 тоннасы КР ӨКМ тарабынан, 1036 тонна жарандар тарабынан жеткирилген. Учурда кампада 199 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө», — деп белгиленет маалыматта.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.






