Баткен облусу селден жабыркаган Түп районуна жардам көрсөтөт

0
633

Баткенде мамлекеттик кызматкерлер Түп районунун дарегине бир күндүк маянасын которот. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мэрияларынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон селден жабыркаган элге бир күндүк маянасын которуу боюнча чечимди профсоюздук отурумдардын жыйынтыгы менен кабыл алды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Түп районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, жашоочулар ири көлөмдө материалдык чыгымдарга учураган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь