Кечээ 8-апрелде Монголиянын делегациясы Баткен облусуна болгон иш сапары менен келип, алар менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев жолугушту. Жолгушууда Баткен облусу Монголиянын Дундгов аймагы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда Монголиянын мал чарбасынын өнүгүүсү тууралуу сөз болуп, тыбыт багытындагы эчки багуу боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул багытта Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы «Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки чарбасы потенциал катары белгиленип, үстүбүздөгү жылдын күз айларына, Монголиядан тыбыт багытындагы эчкилерди алып келүү жагы сүйлөшүлдү.
Ал эми Баткенден Монголиянын Дундгов аймагына өрүк жана бадам көчөттөрүн жеткирүү макулдашылды.