Баткен – Кара-Токой жолу 20- августка бүткөрүлөт

0
581

Баткен облусундагы жол курулуштарынын мөөнөтү аныкталды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусундагы жол курулуштарын текшерип, мөөнөттөрүн тактады. Жолдордун сапатын камсыздоо жана өз убагында бүткөрүү талабы коюлду. 

Облустук бийликтин маалыматына  караганда, Лейлек районунун Раззаков шаарындагы айланма жолго 20-августта, Самат-Зомбуруч-Жаркыштак жолунун беш чакырымына 17-августта, Катраң-Өзгөрүш жолунун үч чакырымына  5-сентябрда жана Арка 2-Мурас автожолунун бир чакырымына 1-сентябрга асфальттоо иштери башталышы керек. 

Ал эми Кадамжай районунун Кара-Жантак айылына баруучу   2,5 чакырым жолду   1-сентябрга,  Жийделик- Ак-Кыя 12 км жолун, Тамаша-Кызыл-Булак үч чакырымына 1-октябрда, Кан-Бурбалык  5км жолун 15-сентябрда, Кыргыз-Кыштак бир км жолун 1-ноябрга, Чаувай-Үч-Коргон 1,1 км жолун 15-октябрга, Үч-Коргон айылынын Дадабаев көчөсүнүн 2,8 км жолун жана Айдаркен-Гавуян үч км жолун 15-октябрга бүткөрүү тапшырмасы берилди. 

Баткен району боюнча, Баткен-Кара-Токой  жети чакырым  жолун  20-августка,  Бужум-Баткен-Исфара үч чакырым жолун  5-октябрга бүткөрүү жана Айгүл-Таш- Согмент беш чакырым жолун 10-августка баштоо тапшырмасы коюлду. 

Ошондой эле Кызыл-Бел-Достук жолунун беш чакырымынын курулушун  үзгүлтүксүз улантуу, быйылкы жылдын эсебинен бүткөрүү тапшырылды. 

Баткен облусунда быйыл 66 км жолго асфальт төшөө пландалган. Ушул жылда курулуучу объекттердин титулдук тизмесине 34 автомобилдик жолдор кирип,  376,7млн сом акча каражат бөлүнүүсү каралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь