Бакыт Төрөбаев Сүлүктүдөгү кап заводтун иши менен таанышты

0
685

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Сүлүктү шаарындагы «Сүлүктү-Бакай» кап заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Ага ылайык, Бакыт Төрөбаев жеке ишкердин аракети менен, кап заводунун ачылышы, өнөр жайлуу Сүлүктү шаарынын өндүрүшчүлөрүнүн муктаждыгын жеңилдетип, жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орун болгону, баалоого арзыйт деп белгиледи. 

Учурда ишканада күнүнө 18миң даана полипропилен каптары өндүрүлүп, аймактагы муктаждыкка пайдаланылууда. Тагыраагы көмүр өндүрүү, акиташ чыгаруу жана дан эгиндерин сактоо үчүн кеңири колдонулууда.

Заводду ачууга  45 млн сом жумшалган. Анын ичинен 11 млн сому Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каржыланган. 34 млн сому жеке ишкер Каныбек Исмаиловдун өздүк салымы болгон. 

Бул ишкана 75 кишини жумуш орду менен  камсыз калган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь