Бүгүн 13-июлда «Баткен Агро Форум» иш-чарасы болуп өттү

0
637

Аталган иш чарага дыйкан фермерлер жана айыл чарбасында ишкердик кылган ишкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө облус башчысынын орун басары Маруфхан Тулаев сөз сүйлөп, жергиликтүү бийлик облус аймагында өндүрүлгөн продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоого кызыкдар жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтып өттү.Ошондой эле тажрыйба алмашуу жана агрардык саясатты мындан ары да жакшыртуу багытында иш алып баруу маанилүү экендигин белгилеп кетти.

«Баткен Агро Форум 2022» аталышындагы иш-чарасынын алкагында,
• Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө талкуулар;
• Айыл чарба жарманкеси;
• Багбанчылык, алма бактар, бадамчылык, балык чарбасы жана өзгөчө мал чарбасынан спикерлердин тажрыйбасы менен бөлүшүүсү;
• Айыл чарба тармагындагы акыркы жаңылыктар, тенденциялар, технологиялары менен алмашуу болду.

Иш-чаранын максаты: Баткен облусунда айыл чарба өндүрүмдөрүнүн баалуулугун өстүрүү, айыл чарбасындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо деди уюштуруучулар.

Иш чара ЖИА Бизнес-ассоциациясы, Ишкердикти колдоо борбору, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана “Юз оф Ош” коомдук бирикмелеринин өнөктөштүгү астында өттү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь