Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин, жергиликтүү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж экенин билдирди
Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн фейсбуктагы расмий баракчасына Сулаймановдун билдирүүсү жарыяланды. Анда,
«Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп, өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим».-деп жазылат Сулаймановдун билдирүүсүндө.
Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери иштеп келген.






