“Алтын тамга” сынагы боюнча билим берүү министрлиги билдирүү таратты

0
761

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат деп белгиленет маалыматта.

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган.

Быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болгон.

«Алтын тамга» сынагы мектепти 11-жыл бою  «5» деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь