Алимбаев: “Былтыр  кыргыз-тажик чек арасында 43 жолугушуу өттү”

0
1032

Бүгүн 22-январда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин  жыйынтыгын караган жыйында  отчёт берүүдө. 

Маалыматка караганда, Алимбаев облус аймагында тынчтыкты камсыздоо, калыбына келтирүү жана өнүгүү багыттары боюнча иштер жүргөнүн айтты.  Ал эми тынчтыкты камсыздоодо Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан 43 жолу жолугушуулар өткөнүн билдирди.

Ошондой эле, облус башчысы чек арадагы айылдарда калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөнүн кошумчалап, өнүгүү багытында жылпы 52 объект курулуп, пайдаланууга берилгенин айтты. 

Алардын  21 мектеп 10 бала бакча, 8 саламаттык сактоо мекемеси, 6 таза суу объектиси 3 маданият мекемеси жана 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөөсү. Муну менен катар жол куруу багытында 48,2 километр жолго асфальт, 84 километр жолго шагыл төшөлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь