Аламүдүн капчыгайында жоголгон жигитти издөөгө 273 куткаруучу тартылды

0
538

Бишкектеги Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери улантылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык, издөө иштерине саат 9:30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Жалпы 14 техника тартылды.

Белгилей кетсек, 14- январдан бери 1996-жылы туулган Мухамедаалы Маматалы уулу  үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасынын байкоочу камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь