“Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөккөн баланын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

0
1000

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2022-жылдын 6-июнунда «Ала-Тоо» аквапаркындагы, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп, каза болгон.

Аталган факты боюнча, этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү жана керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь