“Акыркы коңгуроо” салтанаты боюнча облус башчысынын буйругу чыкты

0
797

Баткенде облустагы жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатын уюштурууда коомдук тартип менен өткөрүү боюнча Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн буйругу чыкты. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Акыркы коңгуроо” салтанаты атайын органдардын, ата-энелердин катышуусу менен уюштурулуп, “Мектеп коопсуздук кызматы” түзүлүүсү зарыл.

Ошондой эле, буйрукта балдардын өмүрүнө жана саламаттыгына кооптуу болгон ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, акча топтоого, мектеп базасынан сырткары майрамдык салтанаттарды, бүтүрүү кечелерин  уюштурууга жана жаратылышта эс алуу иш-чараларын  өткөрүүгө тыюу салынат.

Ал эми, окуучулардын автоунаа менен жүрүүсүнө, коомдук жайларда тартип бузуусуна жол берилбеши кажет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь