Акылбек Жапаров Баткенге иш сапары менен келди

0
1030

Бүгүн 24-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен келди. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы маалымдады.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Ошондой эле төрага Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь