Акчаны уурдап Бишкек шаарына качып кеткен жаран аныкталды

0
2540

Акчаны уурдап Бишкек шаарына качып кеткен жаран аныкталды.
Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 36жаштагы тургунун жашаган турак үйүнөн белгисиз адам 100миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы маалымдагандай.Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Араван районунун 29жаштагы М.К. аттуу тургунун аныктап кармап келишип, уурдалган акча өз ээсине кайтарылды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь