Айлык 20-30 миң: жумуш издегендер эмгек министрлигине кайрылса болот

0
674

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Өлкө башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын, тейлөө тармагында да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп жаткандыгын айтты.

Жумуш издеп жүргөндөр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылса, алар иш издегендерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)», — деп жазды өлкө башчы.

Жапаров белгилегендей, иш боюнча суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь