Адам сатуунун алдын алуу боюнча машыгуу өтүүдө

0
688

Адам сатуунун алдын алуу максатында 29-августтан 2-сентябрга чейинки аралыкта Ысык-Көл облусунда машыгуу өтүүдө.

Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу жана кылмышкерлерди жоопко тартуу каралган. Дал ушул максатта Адам сатууга каршы экинчи улуттук симуляциялык машыгуу өткөрүлүп жатат.

Улуттук симуляциялык машыгуу — бул практикалык көнүгүү. Анда эмгек жана сексуалдык эксплуатация, тилемчилик менен байланышкан кылмыштар профессионалдуу актерлор тарабынан ойнотулуп, алар атайын жасалма сойкукана жана айыл чарба объектилеринде өткөрүлөт.

Иш-чарага 70тен ашуун адис, анын ичинде Башкы прокуратуранын, ИИМдин, эмгек инспекциясынын, социалдык, миграция кызматынын кызматкери, ошондой эле эл аралык, коомдук уюмдадын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.

Машыгуунун алкагында катышуучулар иш жүзүндө адам сатуудан жабыркагандарга жардам көрсөтуп, кылмышкерлерге каршы тергөө амалдарын жүргүзүшөт. Көнүгүүнүн аягында катышуучулар эл аралык жана жергиликтүү эксперттер менен биргеликте кемчиликтердин үстөндө иштеп, иш жүзүндө укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттешүүсү жана кызматташтыгы түзүлөт.

Машыгуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Башкы прокуратура, ИИМ, Solidarity Center, International Centre for Migration Policy, INL USD жана башка жарандык коом уюмдары тарабынан уюштурулду.

Адам сатуу — бул киреше табуу максатында адамдарды эксплутациялаган оор кылмыш. Жыл сайын миллиондогон адамдар бакубат жашоо издеп, өз Мекенинен башка өлкөлөргө акча табуу үчүн кетишет. Анын арасында миңдеген кыргызстандыктар бар. Ушул себептен биздин өлкөдө адам сатуу тышкы миграция менен тыгыз байланышкан.

Ар бир адам бул кылмыштын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Эч ким адам сатуудан жабыркабайсың деп кепилдик бере албайт. Бирок көп учурда кылмышкерлердин торуна элдин эң аярлуу катмары, биринчи кезекте аялдар менен жаш балдар түшүп калышат.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө 40 миллиондон ашык киши адам сатуудан жабыркаган. Анын 71% аялдар жана секелек кыздар, ал эми 29% эркектер менен жаш балдар түзөт. 10 миллионго жакыны бул жашы 18ге жете электер.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь