Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу маалымдады.
Анын айтымында, аталган рейддик иш чаралар 2025-жылдын июнь айына чейин Бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлөт. Рейд президент Садыр Жапаровдун узаган жылдын 31-декабрында кол койгон “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлмөкчү.
Жарлыкка ылайык, өлкөгө ташылып келген автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырылат. Биринчи этапта документтери бар унаалар мыйзамдаштырылса, экинчи этапта техникалык абалы жакшы унаалар документтештирилет. Ал эми үчүнчү этапта абалы начар жана документтери жок унаалар мамлекеттен чыгарылат же тетик катары сатылат.
Рейд учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, автоунаалар айып короо жайына коюлат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзамсыз кирген 15 миңден ашуун унаа бар экени айтылууда.
Башкы бет Баткен алаканда Абхазия жаАбхазия жана Армениядан мыйзамсыз кирген автоунааларга рейд жүрөт