Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында чыккан өрттүн кесепетин жеринен барып көрүп, соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, Алимбаев облустук бардык тийиштүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, иликтөө иштерин жүргүзүү менен базарды тартипке келтирүү боюнча тапшырма койду.
Өрттүн кесепетинен беш ашкана, 19 контейнер, үч дүкөн күйгөн.