Баткен шаарынын ички көчөлөрүндө асфальт төшөө иштери жүрөт

0
399

Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, асфальттоо иштери  шаардын Коммунистическая көчөсүндө жүрүүдө. Ошондой эле мындай жумуштар И.Раззаков, Коммунизм, Назаров, Бакай-Ата 2, О.Абдрахманов, Панфилов көчөлөрүндө да аткарылат. 

Шаардык бийликтен билдиришкендей, жумуштар Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен аткарылууда. жалпысынан 7 чакырым аралыктагы жолго асфальт төшөлөт.  Жалпы 22 чакырым жолго асфальт бастыруу планга кирген.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен көчөлөргө тротуар жаткырылып, суу ноолору орнотулууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here