Чек ара аймактарында абал тынч

0
792

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ 24-июль күнү кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чыр чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган.

Жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here