Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору

0
564

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here