Чек ара айылында 7 млн сомдук заманбап мечит, окуу борбору жана ФАП ишке берилди

0
625

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана айылдагы мечит имараты курулуп,  ачылуу аземи болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык обьекттердин курулушуна кеткен 7 млн 300 миң сомду толугу менен “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылаган.

Объекттерди ишке берүү аземине “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Недал Кундиль, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов жана жергиликтүү тургундар катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here