Баткенде чет өлкөнүн үч жараны мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жеринен кармалды

0
960

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады 

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чет өлкөнүн жарандарын 52 жаштагы С.О., 27 жаштагы тургуну И.Б. жана 23 жаштагы тургуну Х.С. аныктап кармашты. Анткени бул жарандар Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалышкан.

Азыркы күндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here